Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси башталды

Бүгүн Бишкек шаарынын “Караван” соода борборунда 14-февраль - Махабат күнүнө арналган “Ыйык Валентин күнүнө белектер” деген аталыштагы көргөзмө-жарманке башталды. “Чеберлер бирикмесинен” “Азаттыкка” кабарлагандай, анда түркүн-түстүү колго жасалган буюмдар коюлган. Жарманке 12-февралда да уланат.

Христиан календары боюнча 14-февраль Ыйык Валентин күнү катары белгиленет. Кыргызстанда да жакындан бери сүйгөндөр үчүн ар кандай кече, концерттер уюштурулуп келет. Ал эми айрым мусулман өлкөлөрдө Валентин күнүн белгилөөгө тыюу салынган. (КЕ)