Кыргызстандын Башкы прокуратурасы депутат Камчыбек Ташиевдин улут маселеси боюнча айткандарын териштириш үчүн комплекстүү экспертиза дайындады. Бул туралуу башкы прокуратурадан бүгүн билдиришти.
Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев ушул аптада "Де-факто" басылмасында жарыяланган интервьюсунда айткан сөздөрү канчалык деңгээлде улуттук, диний, расалык жана регионалдык араздашууну жарата турганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өткөрө турган филологиялык жана саясий экспертиза текшермекчи. (TD)