Бишкекте жер титиреди

Бүгүн саат 12:49да очогу Бишкектин түндүк тарабына келген жер титирөө болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, очогунда силкинүүнүн күчү 4 балл болду. Бишкекте 4 балл, Шопоков жана Кант шаарларында 3 балл сезилди. Алдын ала маалыматка караганда, адам өмүрүнө зыян келген жок. (RK)