Кумтөрдөгү чыр талдоого алынат

Миңден ашуун жумушчунун иш таштоосу менен коштолгон чыр маселеси бүгүн Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин атайын кеңешмесинде каралат. Мындай чечим кечээ аталган агенттиктин жетекчиси Учкун Ташбаев менен тоо-кенчи-металлургдар кошуунунун башчысы Элдар Тажибаевдин жолугушуусунда кабыл алынганын агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Жыйынга «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын, Социалдык фонддун, «Кумтөр» алтын кен казуучу ишканасынын жана тоо-кенчи-металлургдар кошуунунун өкүлдөрү катышмакчы.
Мурда кабарлангандай, «Кумтөр» алтын кенинин миңден ашуун жумушчусу айлык акыны көтөрүү талабы менен 7-февралдан тартып иш ташташкан. Ишкана жетекчилиги бул иш-чараны мыйзамсыз деп таануу өтүнүчү менен 8-февралда сотко кайрылган.(ZKo)