“Менин алгачкы махабатым” фестивалы өтөт

Фестивал Бишкекте болот, ага ар кайсы муундардын 20дан ашуун аткаруучусу катышат. Англис, кыргыз жана орус тилдеринде сүйүү жөнүндө ырдашат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Галым Есназаров журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда ыр майрамынын башкы максаты – ар кайсы муундардын ырчыларын бириктирүү, ошондой эле көрүүчүлөргө сүйүктүү ырчысы менен жолугушуу кубанычын тартуулоо. Фестиваль 10-февралдан 12-февралга чейин өтөт.(ZKo)