Чүй менен Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы жок

Бүгүн "Түндүкэлектр" бөлүштүрүү компаниясына караштуу "Карагачевая" жана "Центральная-6" подстанцияларындагы авариялык өчүрүүлөрдөн улам Бишкектин төрт аймагында жана Аламүдүн районунун бир нече айылында электр энергиясы жок. Оңдоо иштери Бишкекте саат 11ге чейин, Аламүдүн районунда кечки бешке чейин бүтөт. (RK)