Канадада жол кырсыгында 11 киши набыт болду

Онтарио дубанында 13 киши бараткан мини-бус жүк ташыган машина менен кагылышып, жүк ташуучу машинанын айдоочусу менен мини-бустун 10 жүргүнчүсү набыт болду. Аман калган үч киши ооруканада. Кырсык Латын Америкасынан мигранттар көп иштеген айыл чарбалуу аймакта орун алды.