66 судьянын ыйгарым укуктары узарды

Президент Алмазбек Атамбаев судьялардын ыйгарым укуктарын узартуу боюнча 5 жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Судьялык ыйгарым укуктарын аткаруунун конституциялык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу 2011-жылдын апрелинде, июлунда жана декабрында токтотулган жергиликтүү соттордун 66 судьясынын ыйгарым укуктары узартылды. Ошондой эле, 2011-жылдын декабрында ыйгарым укуктары аяктаган жергиликтүү соттордун 20 төрагасынын, төрага орун басарларынын ыйгарым укуктары узартылды. (RK)