Чүйгө тараган уулуу көмүр Бишкек ТЭЦине ташыла баштады

5-февралда Чүйдүн Чоң-Жар, Кошой, Алчалуу айылдарына түшүрүлгөн радиоактивдүү көмүрдүн 69 100 килограммы Бишкек ТЭЦине ташылып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлайт. Көмүр "ЛОИ” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2 самосвалы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түндүк борборунун 2 “Сенотрук” жүк ташуучу унаасы менен жеткирилди. Радиоактивдүү көмүрдү ташуу иштери бүгүн да уланууда.

Былтыр күздө Кыргызстанга Казакстандын Кулан кенинен ташылып келген 8,5 миң тонна көмүр уулуу экени аныкталган. (RK)