Москвада 70 миңдей адам демонстрацияга чыкты

Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы Владивосток шаарынан тартып, Батыштагы Калининград облусуна чейин камтыган анти-кремлдик демонстрациялар жүрүүдө. Москвада Владимир Путинге каршы жүрүшкө, полициянын маалымдашынча, 70 миңдей адам чыккан. Удаа эле 23 миңдей Путиндин тарапкерлери акция өткөрүүдө.

Нааразычылык акциялары келерки айда болчу президенттик шайлоону утурлай уюштурулууда. 4-мартта өтчү шайлоодо Путин үчүнчү мөөнөткө президент шайланмакчы.

"Азаттыктын" кабарчысы Мелания Бахинанын Томск шаарынан билдиришинче: “Нааразылык жүрүшү эки жарым саат созулду. Ленин проспектинен башталган акцияга 2, 5 миңдей адам катышты. Алар: "Орусия-Путинсиз” деген ураандарды кыйкырышты. Алардын негизги табалы- Путинди үчүнчү мөөнөт президентке шайлабоо болду".

Оппозиция лидерлеринин бири Илья Яшин Москвадагы демонстрация башталар алдында сүйлөп: "Биздин башкы талабыбыз - өлкөдө жеке башкаруунун режимин орноткон адам-Владимир Путинди бийликтен кетирүү. Ал - эркиндиктин душманы. Ал өмүр бою башкаргысы келет. Ал кетиши керек",-деди.

Анти-кремлдик маанайдын өсүшүнө 4-декабрдагы парламенттик шайлоодо башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясына добуштардын кошуп саналганы түрткү берген. Андан улам 10-декабрда жана 24-декабрда миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар болгон.