Токтогулдагы Торкен – Толук жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкент - Тоолук унаа жолунун 68-чакырымында бүгүн таңга жуук көлөмү болжол менен 2400м³ кар көчкү түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, кар көчкүнү тазалоого унаа жана байланыш министрлигине караштуу ЖЭМ-23 тарабынан 2 даана бульдозер тартылган. Жол каттамы убактылуу жабык. (RK)