Депутаттар аким шайлоо паракорлук, коркутуп-үркүтүү менен коштолуп жатканын айтышууда

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйыныда бир катар депутаттар учурда өлкөдө жүрүп жаткан район акимдерин шайлоо өнөктүгү орчундуу мыйзам бузуулар, пара берип, коркутуп-үркүтүү, өз киши, бөтөн деп бөлүнүү менен коштолуп жатканын айтышты.

Депутат Туратбек Мадылбеков: «Айрыкча Чүй жергесинде катуу чыңалуу пайда боло баштаганы байкалууда. Эгерде паракорлорду азыртан тыя албасак, күзгө жетпей калабыз», - деп айтты.

Жаңы өкмөт келгенден кийин, мыйзам боюнча, район акимдери да кайрадан шайланышы керек. Аларды райондук кеңештин депутаттары шайлашат. Айрым жерлерде аким шайлоо жергиликтүү элдин нааразылык акциялары менен коштолууда.(RK)