Кыргызча электрондук китепкананын казынасы баюуда

Кыргыз тилиндеги электрондук китептер жайгашкан www.bizdin.kg сайтындагы китептердин саны жүздөн ашты. “Сорос-Кыргызстан” корунун маалыматына ылайык, Кыргызстандагы алгачкы электрондук китепканалардын бири саналган сайтка Гөте, Байрон өңдүү жазуучулардан баштап бир катар советтик окумуштуулардын чыгарма, изилдөөлөрү коюлду. Электрондук китепканадагы азыркы эмгектердин жалпы көлөмү 20 миң барак тегерегинде. Китептерди электрондоштуруу “Сорос Кыргызстан” жана “Биздин мурас” корлорунун көмөгү менен ишке ашырылууда. (KKs)