Жети-Өгүз жана Түп райондорунда жаңы акимдер шайланды

Ысык-Көл облусунун эки районунда өткөн аким шайлоонун жыйынтыктары чыкты. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, Жети-Өгүз райондук кеңештин 25 депутатынын 17си Жаныбек Дүйшөнбиевге өз добуштарын беришти. Ал эми 8 депутат буга чейин акимдин милдетин аткаруучу болуп келген Руслан Элебесовго беришти. Жети-Өгүз облуста калкынын саны боюнча эң чоң район. Ал эми Түп райкеңешинин депутаттары акимдикке Меркибек Кыштобаевди шайлашты. Буга чейин ал Ак-Булак айылын башкарып келген. (MK/RK)