Египетте парламент алдындагы кагылыштан бир нече киши жаракат алды

Аскерий кеңештин бийликтен кетишин талап кылган демонстрация Каирде 27-январда да болгон.

Кагылышуу аскерий бийликтин токтошун талап кылгандар менен исламчылардын жактоочулары ортосунда болду. Аскерий кеңештен бийликти жарандык администрацияга өткөрүп берилишин талап кылгандар парламент имаратына кирүүгө аракеттенде алардын жолун “Мусулман агаиндер” кыймылынын жактоочулары торошкон. Бул кыймыл азыр Египет парламентинин төмөнкү палатасындагы орундардын көбүнө ээлик кылат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кагылыштан 43 адам жаракат алды.

Египетте соңку кездери аскерий бийликке каршылар менен исламчылардын жактоочулары ортосундагы тиреш күчөөдө. Алар “Мусулман агаиндер” кыймылын бир жыл мурдагы ыңкылаптын жетишкендиктерин сатып, аскерий бийлик менен ымалалашып кеткени үчүн айыптоодо.