Ысык-Көлдө өндүрүлгөн жашылча-жемишти Орусияга сатуу меморандуму кабыл алынды

Бүгүн Ысык-Көл облусунун губернатору Мирбек Асанакунов менен Орусиянын Кыргызстандагы соода-сатык маселелер боюнча өкүлү Владимир Некрасов меморандумга кол коюшту. Бул документ облуста өндүрүлгөн продукцияны Орусияга сатуу жагынан кыйла жеңилдиктерди бериши керек. Быйыл Ысык-Көл облусунда картошканын баасы арзан болуп жатканына дыйкандар нааразы. Жылына алар 500-600 миң тонна картошка өндүрүшөт. Анын 250 миңдейи экспортко кетет. Бирок азыркыга карата болгону 70 миң тоннасы гана сатылды. Бүгүнкү күндө бир килограмм картошканын баасы 4-5 сом болууда. (MK/RK)