Бүгүн президенттин жетекчилиги астындагы Коргоо кеңеши коррупцияга каршы күрөшүү маселесин талкууга алат. Президенттин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, бул жыйында коомчулуктагы коррупциялык аракеттерге каршы туруу чараларына көңүл бурулат. 18-январда президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин жаңы курамын бекиткен. Кеңешке өкмөт башчысы менен өкмөт өкүлдөрү, Жогорку Кеңештеги фракция жетекчилери жана күч түзүмдөрүнүн башчылары кирген. (KKs)