Алматыда оппозициянын митинги өттү

Ишембиде Алматыда президент Назарбаевге жана соңку шайлоонун жыйынтыгына каршы акцияга оппозициянын миңге чукул колдоочусу чогулду. "Азат" жалпы улуттук социалисттик демократиялык партиясы бир нече активисттер кармалганын маалымдады. Президент Назарбаев Жаңы-Өзөндө чукул кырдаал 31-январда токтотулаарын билдирди.