Франциянын аскерлери Ооганстандагы машыктыруу миссиясын улантышат. Бул тууралуу президент Николя Саркози Парижде Ооганстан мамлекет башчысы Хамид Карзай менен жолугушуудан кийин билдирди. Франциялык контингент пландалгандай эле 2013-жылдын этегине чейин Ооганстанда кала бермекчи. Бир аптадай мурун франциялык 4 аскерди ооган армиясынын жоокери атып кеткенден кийин Саркози контингентти эрте чыгаруу жөнүндө эскерткен. Европаны кыдырып жүргөн Карзай бейшембиде Италиянын премьер-министри Марио Монти менен кездешкен. Ошол эле күнү Германия парламенти өз контингентинин Ооганстандагы мандатын 1 жылга узартуу үчүн добуш берип, ошол эле маалда аскерлердин санын 1-февралдан тартып кыскартуу чечимин кабыл алды.