АКШ аскерлерди 13 пайызга азайтты

Пентагон кургактагы армиянын санын 13 пайызга кыскартууну сунуш кылды. АКШнын коргоо министри Леон Панетта бюджетти үнөмдөө боюнча жасаган билдирүүсүндө 2017-жылга чейин армиянын санын 570 миңден 490 миңге кыскартууну мерчемдегенин айтты. Ал келерки жылга Пентагондун чыгымына 613 миллиард доллар, анын ичинде Ооганстандагы операциялар үчүн 88, 4 миллиард доллар сурады. Үстүбүздөгү жылы Пентагондун бюджети 671 миллиард долларды түзөт. АКШда финансылык жыл 1-октябрдан башталат.