Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан мусулмандар башкармасынан кабарлашты. Ырасмий маалыматка ылайык, бүгүн жума намазда Кыргызстандын бардык мечиттеринде кумарканаларды жабууга байланыштуу жараян ийгиликтүү аякташы үчүн дуба окулат.
Кыргызстанда 1-январдан тартып кумарканалардын ишине тыюу салган мыйзам ишке кирген. Казинодо иштегендер буга нааразы болуп, иш орундары менен камсыз кылууну өкмөттөн талап кылып жатышат. (EBM)