Домодедово аэропортунда коопсуздук күчөтүлдү

Домодедово аэропортундагы теракттын бир жылдыгында Россиянын бардык аэропортторунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин транспорт департаментинин маалымат катчысы Елена Коломейцева билдирди.

Былтыр 24-январда Домодоводогу жардыруу 37 кишинин өмүрүн алып кеткен, 120дай киши жарадар болгон. Коломейцеванын айтымында, аэропорттун имаратында жана айланасындагы бардык адамдар текшерилип жатат. Россиядагы калган аэропорттордогу текшерүү маалында учакка курал-жарак, маңзаттарын ташып өтүүгө аракеттенген адамдар кармалды. Тергөө мекемесинин өкүлү Владимир Маркиндин маалыматына караганда, былтыркы жардырууну уюштурууга тиешеси бар 17 согушкер өлтүрүлгөн, 4 шектүү киши камакка алынган.