Үмөталиева: Мунапыска үч гана аял илинген

Бүгүн укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Кыргызстандын абактарындагы аялдар дээрлик мунапыска илинбей калганын маалымат жыйынында билдирип чыкты. Анын айтымында, өткөн жылы жарыяланган мунапыстан кийин 4 миңден ашык адам эркиндикке чыккан. Бирок алардын үчөө гана аял болгон. Бул маалыматты Жаза аткаруу кызматы азырынча тастыктай элек. (KKs)