"Түндүкэлектр" ишканасынын башкы директору Нурлан Кайдуев жана техникалык директору Кубанычбек Турдубаев ээлеген кызматынан бошотулду. Мындай чечим бүгүн аталган компаниянын директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынды.
19-январда өкмөттүн жыйынында кышка даярдык, жылуулук берүү маселеси талкууланган. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов "Түндүкэлектрдин" жетекчилигин ишиндеги кемчиликтер үчүн сындаган.
"Түндүкэлектр" Чүй, Талас облустарына жана Бишкекке электр энергиясын бөлүштүрүп таратуучу компания. (RK)