Баткенде пара алган сот аткаруучу кармалды

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 20-январда сот аткаруучуну аталган райондун жашоочусунан 6000 миң сом жана 10 киллограм өрүк кагын алып жаткан учурда кармашкан.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, кармалган сот аткаруучу 3 айдан бери алимент төлөбөй жүргөн Баткен районунун бир тургунун жоопкерчиликтен куткаруу убадасын берип, пара алып жатканы дайын болду. Учурда кармалган сот аткаруучуга кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.(BkA)