Илимий институттарга даражалуу жетекчилер коюлат

Буга байланышкан долбоорду парламент ишембидеги сессиясында талкуулады. Долбоордо Илимий институттарды илимий даражасы докторлуктан кем эмес адис башкарары, ал 5 жылдан эки ирет шайлана алары белгиленген.

“Бул илимий мекемедеги жумуштун сапатын көтөрөт, азыр институтта бир да илимий даражасы жок кызматкерлер иштеп жатканы тууралуу фактылар көп”, – деди мыйзамдын демилгечиси Каныбек Осмоналиев.

Парламент сессиясы жаны жылдык эс алуулардын ордуна ишембиде иштеди. Ага 90дон ашык депутат катталып, бирок жыйындар 40тан ашык депутат отурганы кабарланды. (EzK)