Беларус президенти Александр Лукашенко өлкөдө бара-бара саясий реформалар ишке ашырылаарын айтты. Мамлекеттик “Белтаньюз” агенттиги президенттин: “Дүйнөдөгү айрым тенденциялар менен таанышып жатабыз. Албетте биз саясий системабызды учурдун талабына ылайыкташтырып, өзгөрүүлөрдү киргизебиз”, - деген сөздөрүн келтирет. Лукашенконун болжолунда, реформалар жыл соңундагы парламенттик шайлоодон кийин башталышы мүмкүн.
Беларус президентинин авторитардык режими Батыш мамлекеттеринин санкцияларына туш болуп келатат.
Беларус президентинин авторитардык режими Батыш мамлекеттеринин санкцияларына туш болуп келатат.