Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясы Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод курууга көмөктөшөт. Бул тууралу мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин аталган компаниянын жетекчилиги менен Бишкекте өткөргөн жолугушуусунда айтылды. Завод жылына 2 миллион тонна мунай өндүрөт. Келерки жылдын соңунда ишке берилет. Жолугушууда Азербайжандан чийки мунайзат алып келүү, Кыргызстанда мунай кенин чалгындоо маселелери да талкууланды.(RK)