Орусия АКШны эски соода мыйзамын түзөтүүгө чакырды

Вашингтон Кансыз согуш доорундагы Соода мыйзамын өзгөртмөйүн, Орусия Дүйнөлүк соода уюму боюнча Кошмо Штаттар алдындагы милдеттенмесин аткарбайт. Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун бүгүнкү маалымат жыйынында айтышынча, 1974-жылы кабыл алынган Женсон-Венник түзөтүүсү Орусия менен кадыресе соода кылганга жол бербейт. Бул мыйзам мурдагы Советтер Союзуна негизинен еврейлердин миграциясына уруксат бердирүүчү курал болгон.

“Биздин Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүбүз боюнча документ ратификация болгон соң да Жексон-Венник түзөтүүсү күчүндө калчу болсо, биз Дүйнөлүк соода уюму менен түзгөн келишим Кошмо Штаттар менен соода кылууда колдонулбайт”,- деди Лавров.

ДСУ декабрда Орусияны мүчө болуусун жактырган. Эми Мамдума ДСУ менен келишимди бекиткенден 30 күндөн кийин Орусия эл аралык уюмдун толук укуктуу мүчөсү болуп калат. Орусия парламенти келишимди июнь-сентябрь айларында колго салат деп болжолдонууда.