Италияда кыйраган кемеден 5 адамдын сөөгү табылды

Муну менен Италиянын Батыш жээгинде круиз кеменин кулоосунан набыт болгондордун саны 11 кишиге жетти. Эми 24 адам дайынсыз деп эсептелинүүдө. Алардын бир тобу германиялык туристтер.

Бортунда 3 200 жүргүнчү бар “Конкордия” круиз кемеси 13-январда жээкке жакын жерде бир капталына оодарылып калган.
Бийликтер адамды атайлап өлтүрбөгөн деген айып менен кеменин капитанын камакка алышса, анын ээси кырсык навигациядагы жаңылыштыктан улам болгонун билдирүүдө.

Капитан Франческо Скеттино "адам өлүмүнө жана кеменин чөгүүсүнө алып келген шалаакылык", "жүргүнчүлөр эвакуациялана электе эле кемени калтырып кетүү" деген беренелер боюнча шектелип, камакка алынды. Бирок ал кандайдыр бир туура эмес иш жасагандыгын четке кагууда.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, деңизге май төгүлгөнү азырынча байкала элек. Бирок кокус кеменин күйүүчү май турган жабдуусу бузулса, деңизге куйулган май экологияга олуттуу зыян тийгизеби деген кооптонуулар бар.