Парламенттик комитетте улуттар аралык чатактар талкууланат

Бүгүн Жогорку Кеңештин Коргоону жана коопсуздук комитети соңку айлардагы бир катар аймактарындагы улут аралык кагылыштарды талкуулайт. Талкууда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, ички иштер министри жана Кыргызстан элдер ассамблеясынын жетекчиси маалымат берет.

Ноябр айынан бери Кыргызстанда улут аралык аз дегенде беш чатак окуя катталган. Ноябрда Ала-Букада, декабрда Кара-Суу шаарында, Чүйдөгү Маевка, Баткендин Андарак айылдарында, 2-январда Сокулуктагы Жаңы-Жер айылында кыргыздар башка улуттун өкүлдөрү менен мушташкан же аларга кол салышкан.

25-декабрда Кара-Суудагы өспүрүм спортчулардын мелдешинде 10 чакты өзбектин токмок жегендиги тууралуу Оштогу Акыйкаттык-Чындык укуктук борборунун жетекчиси Равшан Гапиров буларды билдирди:

- Кара-суудагы бандитизм боюнча президентке, генпрокурорго, облпрокурго, коопсуздук кызматына арыз түшкөн. Бирок облпрокуратура ишти Кара-Суу райондук прокуратурага жибериптир. МухамадУмар деген спорт комплексинен 40 жеңил машина менен келишиптир. (Сабоо тууралуу) факт такталган, бирок кылмыш иши козголгон жок.

Арачылар борборлорунун биримдиги Кыргызстанда улут аралык мамилелер маселеси курч экенин эскертүүдө. Өткөн аптада премьер-министр Өмүрбек Бабанов Баткен жана Чүй облусундагы улут аралык жаңжалдарды тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну укук коргоо органдарына тапшырган.