АКШ Европадагы эки армиялык бригадасын чыгарып кетет

Бул иш Кошмо Штаттарындагы жалпы бюджеттик кыскартуулардын алкагында болуп жатканын кечээ өлкөнүн Коргоо министри Леон Панетта билдирди. Сөз 7 миңдей аскер жөнүндө жүрүүдө.

Ушул тапта Европада АКШнын төрт армиялык бригадасы бар. Алардын экөө Германияда, бири Италияда жайгашкан.

Өткөн жумада президент Барак Обама өлкөнүн жаңы коргоо стратегиясын жарыялаган болчу.