Мексикада баңги кылмыштары көбөйдү

Мексикада баңги бизнеси менен шугулданган кылмыштуу топторунун зордук-зобундарынан жапа чеккендер көбөйдү.

Жумурияттын башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, былтыр январдан сентябрга чейин “наркобарондордун согушунан” 13 миңге жакын адам өлгөн. Бул, 2010-жылга салыштырмалуу, 11% көп дегенди билдирет. Соңку 5 жылда баңги уруштарында каза болгондордун саны 47 500 адамдан ашты.

Июлда өлкөдө президенттик шайлоо болот. Бул маселе ошол шайлоодо башкы тема боло тургандай.