Пакистанда АКШныкы делген ракета чабуулунан 4 жикчи өлтүрүлгөнү кабарланууда

Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн маалыматына караганда, АКШга таандык болсо керек делген аба чабуулунан Ооганстан менен чектеш жерде төрт жикчи өлтүрүлгөн. 26-ноябрда НАТОнун тик учагынан урулган соккудан пакистандык 24 аскер өлгөндө пакистан-америка алакалары начарлап кеткен эле. Ошондон бери бул өңдүү чабуул тууралуу алгачкы жолу кабарланып жатат.