Таласта "Түндүкэлектрдин" жаңы өкүлчүлүгү ачылды

"Түндүкэлектр" ишканасынын Таластагы өкүлчүлүгү жаңы кеңседе иштей баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган ишкананын маалымат кызматынан кабарлашты. Мүмкүнчүлүгү кыйла кенен жаңы жабдуу диспетчерлердин ишин жеңилдетүүгө, ыкчамдыкты, тактыкты камсыз кылууга өбөлгө болот. Электр жарыгы өчүп калган кардарлардын телефон чалууларын жаздырып калуу диспетчерлердин жоопкерчилигин жогорулатаары айтылды. Буга чейин "Түндүкэлектрдин" кызматкерлери Талас шаардык кызматтарынын биринин имаратында эски жабдуу менен иштешчү. "Түндүкэлектр" ишканасы Бишкекти жана Чүй, Талас облустарын тейлейт. (RK)