Аткаминерлерди кыскартуудан 1 миллиард сом үнөмдөлөт

Бул тууралуу өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 9-январда өкмөттү оптималдаштыруу маселелерине арналган жыйында билдирди. Анын айтымында, 3 200дөй мамлекет кызматкер кыскарат.

Жаңы өкмөт түзүмүнө ылайык, төрт министрлик жана үч агенттик жоюлган болчу. Учурда президенттин жана өкмөттүн аппаратында иштегендердин саны азаюуда. (EBM)