Нигериянын түндүгүндө диний коогалаң болду

Нигерия президенти өлкө христиандарын сабырдуулукка чакырды. Нигериянын түндүгүндө христиандарга, алардын чиркөөлөрүнө кийинки күндөрү жасалган кол салуудан 30дан ашык адам өлүп, жүздөгөн адамдар там-жайын таштап качканга мажбур болгон эле. Элди тополоңго салгандарды президент Шгудлак Жонатан террорчулар деп мүнөздөдү. Өткөн жумада Боко Харам кыймылы христиандарды Нигериянын мусулман калктуу түндүк аймактарынын көчүп кетүүгө чакырган. Боко Харам - “Батыш билими бейопалык” деген бул кыймыл Нигерияда шариат мыйзамдарын орнотууну көздөйт.

Нигериянын түндүгү мусулман, түштүк бөлүгү христан калктуу.