Кумарканалар иштеп жатканын текшеришет

Бүгүн кумарканалардын айынан жабыр тарткандардан турган демилгелүү топ Бишкекте казино, оюн автоматтары жайларын кыдырып, жабылып-жабылбаганын текшерет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган топтун өкүлү Айнура Айдаралиева билдирди. Анын айтымында, кумарканалардын ишине тыюу салган мыйзам аткарылбай жатат.

Кыргызстанда кумарканаларга тыюу салган мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирди. Былтыр кумар оюндарына берилип кеткендердин жакындары бир нече ирээт нааразылык акциясына чыгышып, кумарканаларды жабуу талабын коюшкан. Мындай митингдерди казинолордун кызматкерлери да өткөрүшүп, кумарканалар жабылса жумушсуз калышарын билдиришкен. Кыргызстанда 21 казино, үч жарым миңге жакын оюн автоматтары катталган. Аларда 15 миңге чукул адам эмгектенери кабарланган. (EBM)