Мектепке чейин даярдоо курстары ачылууда

Билим берүү министрлигинин маалымдашынча, февраль айында мындай төрт айлык курстар Кыргызстандын бардык мектептеринде ачылмакчы. Иш-чарага бала бакчага барбаган балдар тартылат. Курс үчүн атайын эмеректер, китептер даярдалды жана окутуу бекер өткөрүлөт. Кыргызстанда 2 миң 200гө жакын мектеп бар. (EBM)