Айыл өкмөттөрү электрондук документтерге көчөт

2012-жылдан тарта Кыргызстандын айыл өкмөттөрүндө иш кагаздарын электрондук документке өткөрүү башталат. “Электрондук өкмөт” концепциясына ылайык, буга чейин 14 пилоттук айыл өкмөтү сыноодон өттү.
Былтыр ноябрь айында Экономикалык тескөө министрлиги иш кагаздарын толугу бойдон электрондук документтерге өткөргөн болчу. Мурунку министр Учкун Ташбаев электрондук ыкма менен иштөө кагаз ташымай, кол койдурмай, принтерден бастыртып, көбөйтмөй сыяктуу түйшүктөрдөн арылтып, кызматкерлердин иш убактысын сарамжал пайдаланууга да шарт түзөт. Кагаз, картридж, принтер сатып алууга, почта кызматына акча төлөөгө каражат аз сарпталары айтылган. Электрондук өкмөт тууралуу ойлор Кыргызстанда соңку 15 жылдан бери айтылып келип, бирок иш жүзүндө мекемелер эски ыкма боюнча эле иштеп жатышат. (EBM)