Арап парламенти Сириядан байкоочуларды чыгарып кетүүгө чакырды

Арап лигасына мүчө мамлекеттердин жыйын куруучу органы катары түзүлгөн арап парламенти болгону бир нече күн мурда эле ишин баштаган байкоочуларын Сириядан чыгарып кетиш керек деп жатат. “Анткени президент Башар ал-Ассаддын режими чет-өлкөлүк байкоочулардын көзүнчө эле оппозициянын өкүлдөрүн өлтүрүүнү улантып жатат”, - деп айтылат парламенттин билдирүүсүндө.

Лиганын ондогон байкоочулары Сириянын шаарларындагы кырдаалды аныкташ үчүн шейшембиде ишин баштаган. Бирок ошондон бери активисттер жумурият боюнча 150 адам өлтүрүлгөнүн кабарлашууда. Парламент буга өтө нааразы болуп жатканын белгиледи.

Арап парламентинин сунуштары сөзсүз аткарылышы зарыл деп эсептелинбейт.