Чавес: АКШ ракка алып келген технология иштеп чыккан жокпу?

Венесуэланын президенти Уго Чавес Латын Америкасындагы лидерлердин рак оорусуна чалдыгып жатышынын артында АКШ турган жокпу деген оюн ортого салды. Бир нече күн мурун Аргентинанын президенти Кристина Фернандес-Киршнерге рак деген диагноз коюлган. Чавес буга чейин Бразилия жана Парагвайдын лидерлери да жаман оорудан даарыланышканын эске салды.

"Бул абдан таң калычтуу", - деген Чавес, "Вашингтонду күнөөлөгөн жокмун, себеби далилдерим жок, бирок бул америкалык кутум эмеспи?", - деген суроо узатты:

- Алар ракка алып келген технологияны иштеп чыгып, ал тууралуу кабарыбыз жок болуп жүрбөсүн? Аны 50 же андан да көп жылдан кийин гана билип жүрбөйлү? Билбейм, мен жөн гана ой жүгүртүп жатам. Бирок бардыгыбыздын эле ал дартка чалдыгып жатышыбыз суроо жаратпай койбойт.

Чавес өзү да бир нече жолу Кубадан химиотерапиядан өтүп келген.