Мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында спирт ичимдиктери боюнча сурамжылоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Наркология борбору анонимдүү сурамжылоого катышкан өспүрүмдөрдүн 25-38% бир айда 2-3 жолу, 7% дайыма ичкилик ичээрин айтышкан. Өспүрүмдөрдү социалдык реабилитациялоо борборундагы 97 баланын 42си бир айда 2-3 жолу арак ичээрин, айрымдары спирт ичимдиктерин 8-10 жашынан тарта иче баштаганын айтып беришкен. Ден соолукту бекемдөө борбору мектеп окуучулары жана студенттердин арасында сурамжылоо жүргүзгөндө 300 адамдын 60% спирт ичимдиктерин ичээрин билдиришкен. Адистердин айтымында, энергетикалык, жеңил алкогол деп аталган ичимдиктер өспүрүмдөрдүн аракечтикке берилип жатканынын негизги себеби болууда. (RK)