Молдова президенттигине жападан жалгыз талапкер Марианн Лупу 15-январда болчу президенттик шайлоого катышпайт. Парламент төрагасы жана утурумдук президент Лупу өз кадамын “президенттик шайлоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана Молдовадагы саясий кризисти чечүү максатында” жасаганы менен түшүндүрдү.
Молдовада президентти парламент шайлайт. Ал үчүн талапкер 101 депутаттын 61инин колдоосун алышы шарт. Лупу 16-декабрдагы шайлоодо депутаттардын зарыл болгон үчтөн экисинин добушун алган эмес. Өлкө ошентип эки жылдан бери президентсиз жашоодо.