Оштогу учак кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Иш Кылмыш кодексинин 281-статьясы (аба транспортун пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин сакталбашы) боюнча козголду. Ту-134 учагы 14-сентябрга карата учууга жарамдуу деп аныкталган. Бишкектен учуп келген учак Оштун аэропортуна коноордо тилкеден чыгып кеткен. Учурда учак аңтарылып жатат. анын ичинде 82 адам бар болчу. Кырсыктан мерт кеткендер жок, 12 адам ооруканага жеткирилгени, алардын жарааты анча оор эместиги айтылууда. (RK)