Өкмөттө кадрдык өзгөрүүлөр болду

Премьер-министр Өмүрбек Бабановдун буйругу менен өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлү болуп Динара Молдошева дайындалды. Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Эcенгул Өмүралиев премьер-министрдин кеңешчиси болуп калды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Карыбек Кадырбеков премьер-министрдин жардамчысы, Артем Новиков дагы бир кеңешчиси болуп дайындалды. (KKs)