27-декабрга карата аба ырайы

27-декабрда айрым жерлерде, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында кар түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...+3,
Талас облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2,
Баткенде түнкүсүн -1...-6, күндүз -1...+4 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8 градус, күндүз -2...+3,
Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -10...-15,
Тоолордо түнкүсүн -18...-23, ал эми күндүз -11...-16 болот.

Бишкекте кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2...4 градус суук, күндүз 0...2 градус жылуу болот.