Ооганстандагы жардыруудан 19 адам мерт болду

Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Тахар провинциясындагы жардырууну жанкечти жасагандай. Ооган Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Садык Садыкынын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматына айтканына караганда, андан он тогуз адам ажал тапкандан тышкары 38 киши да жаракат алган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысынын окуя болгон жерден маалымдаганына караганда, өлгөндөрдүн арасында ооган парламентинин мүчөсү Абдул Муталаб Баиг да бар. Бул маалыматты ооган Ички иштер министрлигинин өкүлү да ырастады.

Президент Хамид Карзай, АКШнын Кабулдагы элчилиги жардырууну кескин айыпташты.