Балдар санаторийине жардам көрсөтүлдү

“Криенс муктаждарга жардам берет” аттуу швейцариялык фонду Петровка айылында жайгашкан “Родничок” психоневрологиялык балдар санаторийине жардам көрсөттү. Уюм жарым миллиондон ашык акча каражатына балдарга керек буюмдарды алып берди. Долбоор Швейцарияда жашаган кыргыз журналисти Кайрат Биримкулов негиздеген “Балдар демилгеси” фонду аркылуу ишке ашты. Санаторийдин башкы дарыгери Чынара Базарбаева бул эл аралык уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн биринчи чоң жардам экендигин билдирди.

“Родничок” психоневрологиялык санаторийинде социалдык жактан жетишпеген үй-бүлөлөрдүн жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары дарыланышат. Жыл сайын дарылануудан болжол менен 350-400 бала өтөт. (EzK)