5 жашар шахматчы Индияда ийгилик жаратты

Индиянын Нью-Дели шаарында шахмат боюнча жеткинчектер арасында өткөн Азия биринчилигинде Кыргызстандан барган беш жаштагы Артур Соломко үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу “Азаттыкка” Шахмат федерациясынын өкүлү Бактыгүл Тиленбаева кабарлады. Маалыматка ылайык, Соломко жалпы тогуз тур ойноп, жети турду утуп чыкан. Ал жалпысынан 32 шахматчы менен атаандашкан. (KKs)